Бала-бакча №93 № 93 "Адэми" Мектепке чейинки билим берүү уюму

Биз жөнүндө

Бала бакчанын тарыхы

  • №93 “Адэми”  балдар бакчасы 2017-жылдын 14-декабрында ачылды.

Биз жөнүндөБиздин бала бакча Биринчи май районуна караштуу Көлмө конушунун Теңдик 9/1 көчөсүндө жайгашкан. Бала бакча типтүү, проект боюнча сыйымдуулугу 240 орундуу, 8 тайпа бар:  2 наристе тайпа, 2 кенже тайпа, 2 орто тайпа, 1 жогорку, 1 даярдоо тайпа . Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлө. Электр энергиясы менен жылытылат.

Бала бакчада музыка залы, ашкана, медициналык кабинет, чарба жетекчинин кабинети, методикалык кабинет, директордун кабинети бар жана ар бир тайпанын ойноочу аянтчалары жайгашкан.

№93 “Адэми” МЧББУда 37 кызматкер эмгектенет. Алар: директор, методист, чарба жетекчи, медайым, орус тилчи, муз.жетекчи, 15 тарбиячы, 8 тарбиячынын жардамчысы, 2 ашпозчу, ашпозчунун жардамчысы, имарат тазалоочу, кир жуугуч , жумушчу, 2 кароолчу, короо тазалагыч .

Ар бир тайпа гүлдөрдүн аттары менен аталган. 1-наристе тайпа-Жоогазын, 2-наристе тайпа-Байчечекей, 1-кенже тайпа – Кызгалдак, 2-кенже тайпа-Ландыш, 1-орто тайпа – Сирень, 2-орто тайпа- Жасмин, жогорку тайпа – Айгул, даярдоо тайпа- Роза.